Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн саат 16:11де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ак-Өлөң жана Орто-Токой айылдарында 2 баллга сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.