13:00
USD 87.45
EUR 103.20
RUB 1.14

Аткезчилик жолу менен ташылып келген 7 миллион сомдук товарлар аныкталды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы аткезчилик жолу менен ташылып келген 7 миллион сомдук товарларды таап чыкты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда MAN жанаVolvo FH жүк ташуучу 2 унаа кармалган. Текшерүү учурунда 13 тонналык кийим-кечектерди тиешелүү документи жок ташып бара жатканы аныкталды.

Аткезчилик жолу менен ташылып келген товардын суммасы 7,6 миллион сомду түздү. Кылмыш иши козголду. 

Эң көп окулган жаңылыктар