24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Мусулман киши милдеттүү түрдө сүннөт кийим кийип жүрүшү керекпи?
Жооп: Сүнөт кийимдин өзү эле айтып тургандай эле калоого жараша. Азыркы күндө сүннөт кийимдин ар кандай түрү пайда болду. Ал элдин маданиятына жараша өзгөрүлдү. Андыктан, кийимдин шарият талаптарына жана мусулмандын жашоо шартына ылайык келишин кароо керек. Мусулмандын кийимине башкы талап — тазалык, тыкандык. Пайгамбардын жактырган түсү — ак. Бул тууралуу бир хадисте «Эң жакшы кийим ак түс. Ак кийип, өлгөндөрдү дагы ак кепинге орогула», — деп айтылат (Абу Дауд 3878, Тирмизи).