08:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Суроо-жооп. Уул төрөлсө канча кой союу керек?

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Уул бала төрөлгөндө берилүүчү акика тойдо канча кой союш керек?

Жооп: Акика той уул берген кудайга ыраачылык иретинде өткөрүлөт. «Эгер уулу төрөлсө эки жаш курагы бирдей кой, кыз төрөлсө бирөө союлат», — деп айтылат. Жашоо шарты туура келбегендер бир кой сойсо дагы болот.

Диний аалымдардын айтымында, бул шарт уул менен кыздын ортосунда калыссыздыкты көрсөтпөйт. Уул үйдүн табарманы, ата-энени бага турган адам болгондуктан ага сый өйдө дешет.

Эң көп окулган жаңылыктар