Кечээ ырчы Мирбек Атабеков Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине өзүнүн жакындары жана шоу-бизнестеги туугандарын топтоду. Тойдун коноктору instagram баракчасына сүрөттөрдү жүктөдү.
Куттуктоолорго караганда, Мирбек Атабеков уулу Адамдын үч жашын жана жети айлык кызы Имандын жээнтек тоюн өткөргөн.
Тойдун коноктору устукан таркатылбай, жалаң ыр-күлкү менен, өзгөчө ретро ырлардын коштоосунда өткөнүн белгилешти.