15:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кажы-Сайда уюлдук телефон жарылып, окуучунун денеси 30 пайыз химиялык күйүк алды

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кажы-Сай айылында 14 жаштагы баланын чөнтөгүндөгү уюлдук телефону жарылып, ал ооруканага түштү. Бул тууралуу «Турмуш» сайты жазды.

Тоң райондук ооруканасынын хирургиялык бөлүмүнүн башчысы Төлөк Жунушали уулунун айтымында, 2004-жылы туулган Д. Айдин ооруканага 24-ноябрда саат 23:00 чамасында жеткирилген.

«Учурда абалы туруктуу оор. Денесинин 30 пайызы химиялык күйүк алган. Эми палатага которулду», — дейт ал.

Жабырлануучу Д. Айдиндин айтымында, апасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп бүткөндөн кийин уюлдук телефону жерге түшүп кеткен. «Телефонду жерден алып, сол чөнтөгүмө салганда ал жарылып кетти», — деди ал.

Анын апасы Жаркынай Ишенбаеванын айтымында, уулу айылдагы Пушкин атындагы мектепте 8-класста окуйт. «Күндүз чогуу болгонбуз. Мен жумушка кеткенде уулум үй жумуштары менен алек болуп калган. Саат 21:00 чамасында үйгө келсем ал үйдө жок экен. 15 мүнөт өткөндөн кийин аны күйгөн абалда айылдашым көтөрүп келди. Аны көрүп мен шок болуп калдым. Биз уулумду дароо ооруканага алып жөнөдүк. Уулум «Nokia X1» үлгүсүндөгү телефонду колдонуп жүргөнүнө бир ай гана болгон», — деди апасы.

Эң көп окулган жаңылыктар