05:30
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Казакстанда бардык мобилдик телефондор каттоого алынат

Казакстандын жашоочулары быйыл жыл соңуна чейин мобилдик телефондорунун IMEI-коддорун каттатышы керек, антпесе байланышсыз калышат. Тиешелүү өзгөртүүлөр өлкөнүн «Байланыш тууралуу» мыйзамына киргизилди.

IMEI-коддорду каттатуу зарылдыгы тууралуу билдирүүлөр Казакстандын уюлдук операторлорунун биринин мобилдик тиркемесинде пайда болду. Анда 2019-жылдын январынан тарта телефон кодун жеке идентификациялык номурларына байлап каттатпаган колдонуучулардын байланышы өчүрүлө тургандыгы эскертилген.

IMEI код — бул ар бир телефон жана смартфон үчүн бериле турган уникалдуу идентификациялык номур. Ал өндүрүүчү тарабынан коюлуп, телефон түйүнгө кошулган маалда байланыш операторуна берилет. Кошумча каттоо жана калктын маалыматтарын бир базага топтоо зарылдыгын Казакстан бийлиги телефон уурдоо учурлары көп катталып жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Маалыматтарга караганда, өлкөдө мындай кылмыштардын болгону 5 гана пайызынын бети ачылат.

«Биз Казакстандын аймагында телефон уурдагандарга эч кандай пайда болбогондой кылабыз. Бул ишке ашкандан кийин телефондор башка сим-карталар менен иштебей калат», — деди өлкөнүн маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев.

Ошондой эле чиновниктер мындай жол менен мобилдик телефондордун көмүскө базарын дагы жоюуга болорун билдиришүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума