02:56
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызстанда «Salam» бренди менен жаңы уюлдук байланыш оператору ачылат

Кыргызстанда «Salam» бренди менен жаңы уюлдук байланыш оператору ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан маалымдашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, «Альфа Телеком» ЖАКтын жана «Кыргызтелеком» ААКнын жетекчилери менен «Альфа Телеком» ЖАК жана «КТ Мобайл» ЖЧК ортосунда кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү.

Маалыматка ылайык, «Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантат. Премьер-министр эки мамлекеттик компаниянын кызматташуу идеясын колдой тургандыгын айтты.

«Анткени алар өлкөнү санариптештирүү саясатын илгерилетүүнүн негизги инфратүзүмдүк локомотиви болушу керек. Бул өлкө боюнча, анын ичинде эң алыскы жана жетүү кыйын болгон калктуу аймактарда уюлдук түйүндүн камтуу аймагын кыйла кеңейтип, компаниянын абоненттеринин кызыкчылыгында жогорку ишенимдүү байланышты камсыз кылат», -деди ал.

«Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» ЖЧКсы менен жыштыктарды биргелешип пайдалануу жөнүндө уюлдук операторлор арасындагы аукциондун жеңүүчүсү болгон. Талаш маселелер чечилген соң тараптар кызматташтыкты улантышты. «Альфа Телеком» ЖАК Кыргызстандын рыногунда «Salam» бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин өзүнө алды.

Эң көп окулган жаңылыктар