15:44
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Тажикстанда Байланыш кызматынын уруксатысыз телефон сатууга тыюу салынды

Тажикстанда Байланыш кызматынын расмий уруксаты жок мобилдик телефондорду сатууга тыюу салынды. Аларды кызматтан сертификат алган компаниялар гана сата алышат.

«Тажикстандарттын уруксаты менен ар бир телефондун сапатын текшерип, андан кийин гана сатууга уруксат беребиз», -деди Байланыш кызматынын төрага орун басары Адолат Абдурахмонзода.

Адолат Абдурахмонзоданын айтымында, компаниялар сертификат алуу үчүн акы төлөшү керек. Ал мобилдик телефондорду сатууга уруксат албаган төрт сатуучу жазага тартылганын кошумчалады.

Былтыр Байланыш кызматы өлкөдө коопсуздукту камсыздоо максатында мобилдик операторлор менен интернет-провайдерлерден NGN-байланышын өчүрүүнү талап кылган. Сим-карталарды кайра каттоо дагы терроризм менен күрөшүү максатында жүргүзүлүп, бул кампания 2017-жылы 30-апрелде аяктаган.

Эң көп окулган жаңылыктар