12:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жогорку Кеңеште мектептерде телефон колдонууга тыюу салууну талап кылышты

Депутат Талайбек Масабиров Билим берүү министрлигинен окуу убагында уюлдук телефонду пайдаланууга тыюу салууну киргизүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Анын берген маалыматына ылайык, жеке мектептерде бул маселе жолуна коюлган. Ал жакта сабак учурунда телефонду пайдаланууга тыюу салынган. Ал эми мамлекеттик мектептерде мындай катаал көзөмөл жок. Ар бир мектептин администрациясы маселени өздөрү каалагандай чечишет.

«Билим берүү министрлиги бул маселени көзөмөлгө алышы керек. Биздин балдар бала бакчадан эле көз айнек тагынышат. Бирок, баары бир балдар телефон колдонуп жатат», -деди Талайбек Масабиров.

Эң көп окулган жаңылыктар