Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында акыркы күндөрү кезек күткөндөрдүн саны көбөйдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ түнү кабылдамада жогорку температурасы бар балдардын ата-энелери бир канча саат кезекте турушкан.
«Бул жакта негизинен балдар турат. Көбүнүн температурасы жогору. Айрымдары 3 саат бою кезек күткөндөр бар. Болгону 2 дарыгер аларды кабыл алып жатат», -деп билдирди окурман.