Баласын 1-класска электрондук кезекке тургуза албай жатканын айткан ата-энелер тобу Билим берүү жана илим министрлигине барып, нааразылыгын билдиришти. Министрлик электрондук системага биринчи күнү катталуучулар көп болуп, системага күч келгенин жана бардык каалоочулар сөзсүз катталарын айтты.
11-апрелде Кыргызстанда мектепке 1-класска электрондук кезекке туруунун алгачкы этабы башталды. Ал 27-июнга чейин уланып, кезек баланын катталган дареги боюнча түзүлөт. Андан кийинки этап 10-сентябрга чейин уланып, бала кезекке катталган жерине карабастан, жашаган дареги боюнча тургузулат.