Билим берүү жана илим министрлиги китептерди сатып алууну улантууда. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.
Орус, өзбек жана тажик тилдүү мектептерде окуган 10-11-класстын окуучулары үчүн «Кыргыз тили: практикалык курсу. Окуу колдонмосу» китебин сатып алуу үчүн, жана мугалимдер үчүн пособиени алууга министрлик 9 миллион 393 миң 555 сом коротмокчу.
Баардыгы болуп 44 миң китеп жана 1 миң 500 пособие алынмакчы.