20:38
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Түркияда заманбап медицинаны өздөштүргөн Руслан Шаршебаев

Ысык-Көлдүн кулуну нейрохирург Руслан Шаршебаев Түркиянын ооруканаларында эмгектенип, медицинанын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүүдө.

Ал мектепти аяктаган соң Анкара шаарындагы медициналык окуу жайга тапшырып, кийин Стамбулдагы Медениет университетинин радиология бөлүмүнөн билимин тереңдетип, Жеррахпаша окуу жайынан рентгенохирургия адистигине ээ болгон. Руслан Шаршебаев азыркы тапта Стамбулда бир эле учурда жеке жана мамлекеттик ооруканаларда иштеп жатканын айтат.

Рентгенохирургия тууралуу Кыргызстанда маалымат аз. Руслан Шаршебаевдин айтымында, рентгенохирургия медицинанын жаш, бирок тез өнүгүп келе жаткан бир тармагы десем болот.

«Анын жардамы менен бейтаптарга жалпы наркоз бербей, денени кескилебей, кыска убакыттын ичинде операция жасалат. Рентгенохирургия менен улгайган же башка дартынан улам (кант диабети менен жабыркаган жана башка олуттуу дарты барлар) хирургиялык операциялар жасалбай турган адамдарды дарыласа болот. Мында дарылоо кан тамыр жана теринин алды менен жүргүзүлөт. Артерияга же күрөө тамырга киргизилген түтүк аркылуу хирург организмдин каалаган жерине экрандан карап туруп операция жасай алат, диагноз коет», — дейт ал.

— Түркия Кыргызстанга квота бөлүп берип, жылына 100дөй бейтап түрк ооруканаларында дарыланып жатат. Кыргызстандыктар кандай оорулар менен көп кайрылышат?

— Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү негизинен онкологиялык оорулар менен көп кайрылышат. Жасалма уруктандыруу, реконструктивдүү пластикалык операция жасатуу үчүн жана жөн гана чет жерде дарыланууну каалган бейтаптар бар. Ар кандай диагноз менен балдар келет. Чурку жана башка дарты менен кайрылгандар бар.

Жакында эле кыргызстандык оозунда гемангиомасы бар кыз квота менен келди. Абалы оор, токтобой кан агып жаткан экен... Аракет кылып канды токтоттук. Бул окуя мен үчүн эсимде калган оор учур болду, бейтап болгону 16 айлык кыз экен. Өмүр менен өлүмдүн ортосунда кармашып, колдон келген аракеттерди жасап аман алып калдык.

Мен билгенден квота боюнча келгендер көбүнчө котормочудан жана турак жайдан кыйналышат. Ал эми жеке эмканаларга келгендерге мейманкана, котормочу таап беришет.

Ошентсе да, кыргыздар кайрымдуу, күйүмдүү калкпыз, мамлекеттик квота боюнча келгендерге бул жактагы студенттер жардам берип жүрүшөт.

— Операция учурунда кокустарга дуушар боло элексизби?

— Бизде салттуу хирургия дээрлик колдонулбайт, андыктан ар кандай кокустуктар деле катталбайт. Биз мисалы, жамбаш артериясын тешүү аркылуу иштейбиз. Тактап айтканда, микрокатетердин жардамын колдонобуз.

— Алдыда мекенге кайтуу планыңызда барбы?

— Ооба, мекенге кайтып келүү планда бар. Алган билимимди пайдаланам. Түркиянын медицинасы Кыргызстандыкына салыштырмалуу бир топ алдыга кеткен. Бул жакта каржылык жактан мамлекет жакшы колдоп келет. Баардык ооруканалар заманбап технология менен жабдылган. Дарыгерлерин жыл сайын эл аралык окууларга жөнөтүп турат. Кыргызстандын медицинасында өкүндүргөн бир нерсе бар, жең ичинен пара алуу. Бул Кыргызстанда медицинанын алдыга жылышына жолтоо болот.

Эң көп окулган жаңылыктар