00:21
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Москвада «Саларьево» метросунда оор конструкция урап, эң аз 3 киши жабыркады

Москвада «Саларьево» метросунда оор конструкция урап түшүп эң аз 3 киши жабыркады. Куруучуларга ири түтүк кулаган. Бул тууралуу «360» каналынын кабарчысы билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, жабырлануучулар Орусияга жакынкы чет мамлекеттерден иштөө үчүн келген жумушчулар. Маалыматка ылайык, 2 киши жаракат алып, бирөө окуя болгон жерде жан берди.

Кырсык болгон жерге укук коргоо органдары жана тез жардам кызматы жөнөп кетишти.

Болжолдуу маалымат боюнча, жабырлануучулар аталган метро станциясындагы жаңы соода борборунун курулушунда иштеп жатышкан. Алардын үстүнө суу жабдыктары менен түтүк кулаган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар