11:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Анжелика казак ырчысы менен дуэт ырдап чыгат

Ырчы Анжелика Кайратова казак ырчысы менен дуэт ырдап чыгат. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграмм баракчасында билдирди.

Анжелика ырчы кыз менен гана ырдаарын айтып, атын ачыктаган жок.

Күйөрмандары казак ырчысы Айдана Меденова, же Эрке Эсмехан болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Белгилей кетсек, Анжелика Кайратова казак шоу-бизнеси менен тыгыз байланыш түзүү аракетинде. Ал Баян Максат кызы менен ынак мамиледе.

Жакында «Ринго» тобунунун клибинде башкы каарманды ойноду. Бирок, Анжеликанын күйөрмандары аны анчалык жактыра беришкен жок.

«Сен клипке каарман болуп тартыла турган курактан өтүң», «Аброюңду түшүрбө», — деп жазышты ырчынын фанаттары.

Эскерте кетсек, буга чейин ырчы Мирбек Атабеков казак ырчысы Камшат Жолдубаева менен ырдап чыкты. Экөөнүн чогу тартылган клиби кыргыз коомчулугунда катуу сынга алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар