23:01
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Кепилдик фонду» 800 ишкерди окутту

Кепилдик фонду ишкерлердин финансылык билимин жогорулатууга өзгөчө көңүл бөлүп жатат. Бул туурасында «Кепилдик фонд» ААКнын төрагасы Малик Абакиров маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, өткөн жылы 276 ишкер окутулган, бул жылы алардын саны 800гө жетти.

«Бул жагдай тиешелүү натыйжаларды берип жатат. Быйыл саны боюнча дагы, суммасы боюнча дагы эки эсе көп кепилдик бергенибиз, ал эми өнөктөш-банктар биздин кепилдик боюнча 2 эсе көп кредит бергени — региондорду өнүктүрүүгө тиешелүү жардам берип жатат дегенди туюндурат», — деп белгиледи фонддун төрагасы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума