08:41
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүү фонду 2 жылда 4 миң тигүүчү жана бычмачыны даярдады

Өкмөт жеңил өнөр жайын колдоого алууга жана өнүктүрүүгө чоң маани берет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Текстилдик-тигүү тармагы жумалыгынын алкагында өтүп жаткан форумда билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, өкмөт бизнес менен биргеликте өндүрүштүн жана продукциянын эл аралык талаптарга дал келүүсүн камсыздоо үчүн, алардын стандарттарын жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти улантууну пландаштырууда.

«Биз тигүү тармагын өлкөдө «жашыл экономиканы өнүктүрүү» үчүн мыкты мүмкүнчүлүк катары карайбыз, мында экология, курчап турган чөйрө жана калктын саламаттыгы камсыздалат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы атамекендик тигүү тармагындагы дизайнерлердин жана тигүү продукциясын өндүрүүчүлөрдүн жогорку чыгармачыл мүмкүндүгүн белгиледи, алар республиканы дүйнөнүн ири шаарларындагы мода көргөзмөлөрүндө татыктуу көрсөтүп келүүдө.

«Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда түзүлгөн «Жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүү фонду» акыркы 2 жылда эле 4 миң тигүүчү жана бычмачыларды даярдаган. Биз ишкерлер бул фонд менен келечекте да тыгыз кызматташат деп ишенебиз», — деп белгиледи ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума