05:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Тигүүчүлөргө Европа менен Кытайдын базарларына чыгууну сунушташты

Кыргызстандык тигүүчүлөр продукцияларын Евробиримдик, Кытай жана башка өлкөлөрдүн базарларына алып чыгуулары керек. Бул тууралуу маалымат жыйында Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров билдирди.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча тигүүчүлүк тармагы экспорттолгон товарлардын көлөмүнүн 15,7 пайызын ээлеген. Айтымында, бул тармакта 200 миңге жакын киши эмгектенет. Алар товарларын негизинен Орусия жана Казакстанга сатышат.

«Акыркы 2 жылда Орусия менен Казакстандын улуттук валюталарынын куну түшүп, экспорттодо киреше төмөндөп кеткен. Мындан сырткары Өзбекстан менен Тажикстан бул тармакты активдүү түрдө өнүктүрүп жаткандыктан, атаандаштык күч алууда. Ошол үчүн жергиликтүү тигүүчүлөр жаңы базарларга чыгуулары зарыл», -деди Элдар Абакиров.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума