Ош облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жердин силкинүүсү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Мады айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.