19:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ырчы Мирбек Атабеков эми продюсерлик менен алектенет

Ырчы Мирбек Атабеков жакында «Мурас» прдюсерлик борборун ачат. Бул тууралуу ал өзү жергиликтүү гезитке берген маегинде билдирди.

Мирбек Атабеков алгачкылардан болуп өзүнө шакирттикке өкүл баласы, ырчы Бек Исраиловду алып, ага продюсер болмокчу.

«Азыр «хайп» деген сөз мода болду. Элдин көңүлүн алуу үчүн, эл сөз кылса деп ар нерсени ойлоп таап жатышат. Мен өтө качуу чыкпай, артта калбай, ортодо жакшы ырларды чыгарып туруу», — дейт Мирбек Атабеков.

Ырчы октябрь айында өткөн концерти биринчи жолу ийгиликтүү болуп, кеткен чыгымдарды жаап, киреше да таба алганын айтат.

Эң көп окулган жаңылыктар