17:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент Сооронбай Жээнбеков бир жылда 890 миң сом иштеп тапкан

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 890 миң 994 сом иштеп тапкан. Бул тууралуу анын декларациясында көрсөтүлгөн.

Жеке мүлкү катары президент 160 чарчы метрлик үйүн, 60 чарчы метр бакчадагы үйүн көрсөткөн. Андан тышкары, 61,45 гектар жер аянтчасы жана МТЗ-80 трактору бар.

Сооронбай Жээнбековдун жакын туугандары 3,7 миллион сом киреше табышкан. Алардын 64 чарчы метрлик батири, «Лексус 470» уунасы жана 20,6 гектар жери бар.

Президент 2017-жылдагы чыгашалары боюнча маалымат берген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар