09:24
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Мээрим Касаболотова: Арзан тасмаларга тартылгым келбейт

Жакында эле Бишкектин көчөлөрүн ак элечекчен айымдар көрккө бөлөдү. Бир жума бою кыргызстандык 36 айым улуттук баш кийимди түшүрбөй, элечекти даңазалашты. Аталган жумалыкка Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Мээрим Касаболотова дагы катышкан. Ал улуттук баш кийимден тарта театрдын көшөгө артындагы жашоосу тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди.

— Элечек жумалыгына катышкандардын бирисиз, бул долбоорго кантип кошулуп калдыңыз?

— Социалдык түйүндөрдөн кулактандырууну окуп калып, шарттары менен таанышып катышып калдым. 15-октябрдан 22-октябрга чейин Элечек жумалыгы уюштурулду. Иш-чаранын максаты -күнүмдүк турмушта элечек кийип жүрүүдө ыңгайлуулук тууралуу айымдардын пикирин билүү болду. Ар бирибизге улуттук баш кийимдер берилген, аларды күнүмдүк турмуш шартка айкалыштырып бир жума башыбыздан түшүргөн жокпуз.

36 айым катыштык, алардын баары иштеген кызмат орундарында болсун, көчөдө болсун, той-аштарда болсун элечекчен жүрүштү. Былтыр долбоорго 26 катышуучу катышкан экен, бул жылы мен сыяктуу алгачкы жолу катышкандардын саны 10ду түздүк. Долбоордун шарты боюнча кыска кийим кийип, шымчан жүрбөш керек болду.

Элечек, деги эле кыргыздын улуттук кийимдерин кийип жүргөндү жактырам. Өзүбүздүн баалуулуктарга эмне жетсин?! Күнүмдүк гардеробумда улуттук кийимдер абдан көп. Чынын айтсам, сахнага чыкканда эле кийбесем мурда кийчү эмесмин. Азыр сиздер байкагандай үстүмдөн түшүрбөйм.

— Эми чыгармачылык жашооңузга кайрылсак, ушул ролду аткарбай эле койбой деп өкүнгөн учурлар болгонбу?

— Ар бир эле театрда ролду режиссер табитине жараша бөлүштүрөт. Анда актердун жөндөмүнө жараша ролго келишеби же келишпейби деп карап чыгат. Бул ролду аткарам же тигини аткарбайм деген бизде жок. Кандай роль болсо дагы аткарабыз. Кичинекей роль бар, бирок кичинекей артист жок.

Ушул ролду аткарбай эле койбой деген өкүнгөн учурлар болгон. Сахналык турмушумда башка ролду ойногум келген, ошол ролдон өзүмдү көрүп, арнап алган убактар болот.

— Сахнада атаандаштык болобу?

— Атаандаштыктар жалпысынан болот, бирок мен ичи тар адам эмесмин. Бирөөнүн кубанычына кошо кубанам. Бут тосуулар абдан көп болгон, айрыкча сыйлык алууга келгенде тизмеден чийилип да калгам.

Маданияттын мыкты кызматкери наамына 2008-жылы көрсөтүлгөм, бирок көрө албастыктын айынан 3 жылдан кийин гана ала алдым.

— Артисттер кичинекей нерсени дагы жүрөгүнө жакын кабыл алышат. Айрымдары ичкиликке берилип дагы кетишет дегенге сиздин пикириңиз?

— Артисттер азбыз, дайым эл көзүндө болобуз. Ичмек турсун туура эмес кийинип алсак сөз болобуз. Мисалы, мен маршруттук унаа менен жүрөм, мени көргөндөр «Апамдын махабаты» сериалындагы кыз экен«, «Жаш эле экен», «Ии мындай кийинип алыптыр» деп угуза эле айтышат. Тааныша келгенде гана жөнөкөй адам экенсиз дешет. Ичкиликке берилүү бул адамдын өзүнө, эркине байланыштуу болсо керек. Менин башымдан кыйын күндөр өттү, башка адам болсо эчак ичип кетмек болуш керек деп ойлом. Мен күчтүүмүн, баарын жеңем, 2 балама керекмин деп жашайм.

Театрда көп роль ойнодум, бирок мага терс каармандарды аткарган жагат

«Тагдыр» спекталдинде Жаннанын, «Апамдын махабаты» тасмасында Керездин, «Чиркин өмүрдө» коюн жоготуп ийген кичине кыздын, «Кылым карытар бир күндө» Айзаданын, «Манаста» Кишимжандын ролун жараттым.

Тасмага тартылууга чакыруу келсе тандайм, режиссёру ким, кайсы актёрлор тартылат сүрүштүрөм. Анткени, «Апамдын махабаты» эл тарабынан абдан жакшы кабыл алынган. Арзан тасмаларга тартылгым келбейт. Менин кыялым актриса катары дүйнөлүк аренага чыгуу. Тарыхый тасмаларда колунда бийлик болгон ханышанын ролун аткаргым келет.

— 2007-жылдары Талас облустук музыкалык драма театры ачылып, ал жакка аймактагы маданиятты көтөрүү үчүн, сиз өңдөнгөн 10дон ашык өнөр ээлери барган эле. Сиз азыр борбор калаага келипсиз, калган кесиптештериңиздердин тагдыры эмне болду?

— Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры ачылганда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театр окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнөн турган труппа барганбыз. Ал жакта 8 жылдай иштеп, турмуш-шартка байланыштуу кетүүгө туура келди. Тилекке каршы, көп талантуу кадрлар тарап кетти. 20дай артист барганбыз, баарыбызды камсыздай алышкан жок. Мисалы, үй беребиз дешкен эле, беришкен жок. Театрдын курулуш болсо 10 жылдан кийин араң бүттү. Ошого карабай ак иштеп бердик, биздин абийирбиз таза. 

— Айлыгыңыздар көбөйдүбү?

— Биздин айлык менен такыр жашоо болбойт, балдарды багыш керек. Ооба, тойлорго чыгам. Жарашып турса эмнеге болбосун, колумдан баары келет. Мисалы мен ырдайм, умай эне болом, кыз узатам, жар-жар айтам, ар кандай тойлорго жараша программам бар, ошого жараша кызмат көрсөтөм.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз, жолдошуңуз менен бирге иштегениңизди билчүбүз, канча балаңыз бар?

-Жеке жашоо тууралуу айтпайм, ал мага гана тиешелүү. Кудайга шүгүр 1 кыз, 1 уулум бар. Бактылуу эне, бактылуу аялмын.

Эң көп окулган жаңылыктар