00:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда дары-дармектерди импорттоо өсүүдө

Кыргызстанда дары-дармектерди импорттоо өсүүдө. Бул тууралуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык техника департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2010-жылы өлкөгө 5 миллиард сомго дары каражаттары алынып келинген.

2011-жылы 7 миллиард, былтыр 17 миллиард сомго дары-дармектер импорттолгон. 

Билдирүүгө караганда, бул жылы алынып келе турган дарылар өткөн жылга салыштырмалуу көп болот. Акыркы 9 ай аралыгында өлкө аймагына 12 миллиард сомдук дарылар алынып келинди. 

«Мындай өсүштүн себептерин серепчилер Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жана эрежелерге жооп бере турган  күнүмдүк мыйзамдар кабыл алынганы менен түшүндүрүшөт. Нормативдик база жаңыланып жана күчтөнүп жатат", -деп жазылат маалыматта. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума