04:16
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Акылбек Абдыкалыков эркектин ролун мыкты ойногондугу үчүн байгеге ээ болду

Кыргыз актеру Акылбек Абдыкалыков Лос-Анджелесте өтүп жаткан Asian World Film фестивалында эркектин ролун мыкты ойногондугу үчүн байгеге ээ болду. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунан билдиришти.

Asian World Film Festivalдын калыстар тобунун мүчөсү, кинорежиссер, сценарист Дальмира Тилепбергенованын айтымында, Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасында башкы ролду жараткан Акылбек Абдыкалыков мыкты эркек оюнчу наамын алды.

Кинофестиваль 2015-жылы коомдук ишмер, депутат Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. 

Эң көп окулган жаңылыктар