19:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Маданият кызматкерлеринин көйгөйү: Үй, жер, айлык акы жана маданияттуу мамиле

Бүгүн 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнү. Кыргызстанда бул дата 23 жылдан бери белгиленип келе жатат. Маалыматтарга таянсак, өлкөдө 20 миңге чукул маданият кызматкерлери иштейт. Эл үчүн кызмат кылган 20 театр, 45 музей, 1035 китепкана, 87 балдар музыкалык окуу жайы, маданият жана искусство кызматкерлерин даярдаган 2 жогорку окуу жай жана 8 окуу жайы бар.

24.kg агенттиги айрым маданият өкүлдөрүнө «Маданият кызматкерлерине мамлекет кандай кам көрүп жатат?» деген суроо узаткан.

Эмгек сиңирген ырчы Бек Борбиев:

— 30 жылдан бери сахнада жүрөм, мамлекеттик мага окшогондорго кам көргөнүн көрө элекмин. Тескерисинче, салык төлөп биз өлкөгө пайда алып келип жүрөбүз. Эстрада жаатындагы ырчыларга батир берген учурларды уккан эмесмин. Театр тармагынын, опера, филармония кызматкерлеринин көйгөйү чечилбей турганда, биз үмүт да кылган жокпуз.

Ал эми жаңы министрден албетте жаңы кадамдарды, жалпы сахна өнөрпоздоруна керектүү шарттарды түзүп берсе деп тилек кылабыз.

Актриса Мээрим Касаболотова:

 Маданият кызматкерлеринин көбүнүн үйлөрү жок, жаңы министр ошол маселени карап берсе жакшы болмок. Мисалы, бизден улуу актёрлорубуз деле бир топ жашка чыкса деле үй-жайы жок жүрүшөт. Маданиятсыз эл болбойт, маданият жан дүйнөнүн азыгы эмеспи, бул тармак унутта калбашы керек.

Учур театрынын актеру, алып баруучу Нурдөөлөт Копоев:

 Эч кандай колдоо жок, эч кандай! Прокурор, милицияларга үй берилип атат, маданият кызматкерлерине үй эмес, үй салганга жер да берилген жок. Бизде театрда 3800сом алып иштеген жаштар бар, а батирине 6 миң төлөйт. Алардын жашоосу эмне болот мындан ары?! Мен го ары чуркап бери чуркап эптеп капчыгымды толтурам аз болсо да. Деги качан колдоо болот?

Эң башкысы бизге- «Учур» театрына берилген Чатыр-Көл кинотеатрын оңдотуп берсе эле жакшы болмок.

Анан албетте айлык маселесин көтөрсө.... Эми үмут чоң, күтө турсак көрөбүз го...

Манасчы Дөөлөт Сыдыков:

— Жаңы минстрден көп несе үмүт кылабыз. «Манаска» болгон мамиле дагы деле оңолбой атат. «Манас», «Аккула», «Бакай», «Барсбек» деген аталыштагы арактар чыгып атат. Бул тууралуу тиешелүү жактарга канча жолу кайрылдык, дагы деле жооп жок. Бул маданият министрлигинин түздөн түз иши, ошолдорду көзөмөлдөшү керек. Канча ырчы-чоорчулар тентип жүрөт. Андан сырткары манасчыларды да көзөмөлдөшү керек.

Теле алып баруучу Назира Кадыева:

— Мамлекет эч кандай колдоо көрсөтпөй эле, ар бир чыгармачыл адам өзү менен өзү алек. Ырчылар, алып баруучулар го жанын той менен багып жүрөт...

Тойдон алыс маданиятка өзүлөрүн арнаган актёрлор, опера ырчылары жана башкалар кыйналып эле жатышат.

Айлык маянасы аз, үйлөрү жок батирлеп жүргөндөрү да бар. Өзгөчө базар экономикасы таңуулаган жашоого көнбөгөн чыгармачыл адамдардын, улуу муундун өкүлдөрүнө колдоо керек го деп ойлойм.

Эң көп окулган жаңылыктар