10:16
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кенже Көбөкова: Сахнанын ырын тойдо, тойдун ырын сахнада ырдабайм

Фото Кенже Көбөкованын жеке архивинен

Ырчы Кенже Көбөкова Кыргыз Улуттук филармониясындагы А.Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» тобунда эмгектенгенине 8 жыл болуп калды. Бул жылдар аралыгында талант ээси «Кечирип кой», «Күтүү», «Түйшөлүү» сыяктуу ырлары менен элдин оозуна алынды. Ырчы 24.kg агенттигине аялзатына таандык сапаттарынан тарта «Кечиккен сүйүүсүнө» чейин айтып берди.

-Кырсык каш менен кабактын ортосунда, өз үйүңүздөн терезе жууп жатып кулап кеткениңизди ЖМКга айткан элеңиз, ден соолугуңуз жакшыбы?

-Ден соолугумду сураганыңарга рахмат, абалым азыр жакшы.

-«Сармерден» теледолбоорунун алып баруучусуна кастинг жарыяланганда сиз дагы катышыптырсыз, атайын чакыруу болгонбу?

-Эл «Сармерден» теледолбоорунун алып баруучусуна кастинг жарыяланганда «барбайсыңбы, ылайыктуусуң» деп сунуш киргизишти. Кийин чакырышты. Толук кандуу өтөрүмө көзүм жеткен эмес, себеби ал күнү узак жол тартып келген элем. Алып баруучулук өнөрүм да өзүмдүн купулума толгон жок. Анын үстүнө алып баруучу болом деп аябай көксөгөн эмесмин, кокус өтүп калсам бул жагын да алып кетем деген гана ой менен баргам. Эч кандай ичим ачышкан жок.

-Сахнага чыкканыңызга канча жыл болду? Бул жыл аралыгында сиздин аткарууңузда канча чыгарма элге тартууланды?

-Чыгармачылыкта жүргөнүмө 20 жылга чукулдап калды. Калың элге таанылганыма 7 жылга чамалады. Жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатам, чыгармаларым мен үчүн балдарымдай эле, элге жетсин деп ырдайм. Айрым ырчылардан айырмаланып бир принципти карманам, мисалы, сахнанын ыры тойдо ырдалбайт, же тескерисинче тойдун ырлары сахнада жаңырбайт. Азыркы тапта 4 ырым эле элге таанылды. Көмүскөдө калган ырларым абдан көп. Бул да болсо турмуштун шартына, радионун форматына жараша болот экен.

Кенже Көбөкованын жеке архивинен
Фото Кенже Көбөкованын жеке архивинен

-Үнүңүзгө карата мактоолорду көп угасызбы?

-Калк үнүң жакшы, салмактуу ырларды ырдайсың деп жакшы кептерин айтышат, абдан сыймыктанам. Мен өзүм ыр жазып ага обон жаратам. «Кечиккен сүйүү» аттуу ырым мени элге таанытты. Азыр эми мыкты акындары, обончулар чыгып атат. Ыр жазып, обон чыгарганга убактым тар, мындан улам таланттуу композиторлордун чыгармаларын аткарып жүрөм.

-Саясатка кызыгасызбы? Эгерде мүмкүнчүлүк болуп калса кайсы мамлекеттик кызматка барат элеңиз?

-Негизи саясатка кызыкпайм деле, эгерде мүмкүнчүлүк болуп калса өзүмө жакыныраак маданият министрлигине бармак болушум керек.

-Аял кишинин орду үйдө дегенге кошуласызбы?

-Аял кишинин үйдө өзгөчө бир ролу жана орду бар. «Аял үйдүн куту» деп бекер айтылбаса керек. Мен сыртта ырдап жүрөм дебестен үйдөгү тиричиликтин баарын жасайм. Ичеги-карын артам, уй саайм, бээ саайм. Үйдүн тазалыгында жана тамактын даамдуу жасалышында аялдын орду аябай маанилүү деп билем.

Кенже Көбөкованын жеке архивинен
Фото Кенже Көбөкованын жеке архивинен

Эң көп окулган жаңылыктар