20:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

КСДП: Икрамжан Илмиянов тергөө менен тыкыр иштешкен жок

Кыргызстандын мурунку президентинин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов тергөө  менен тыкыр иштешкен жок. Бул тууралуу КСДП фракциясынан билдиришти.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын 24.kg агенттигине билдиргенине караганда, УКМКнын Икрамжан Илмиянов тууралуу тараткан маалыматы-чагымчылдык.

«Мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев тергөө менен байланышкан жок, алар күнөөнү мойнуна алышкан эмес», -деди Кундуз Жолдубаева.

УКМК алдамчылыкка шектелип кармалган Икрамжан Илмиянов активдүү түрдө тергөөгө жардам берип жатат деп билдирди.
Эң көп окулган жаңылыктар