03:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы. Таласта «Айтыш» республикалык сынагы өтөт

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Талас шаарында «Айтыш» республикалык сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди. Айтымында, айтышка өлкөнүн бардык аймактарынан акындар катыша алат.

«Тандоо турунан 16 акын тандалып алынат. Сынакта акындардын ырынын көркөмдүүлүгүнө, төкмөлүк шыгына, тапкычтыгына, аткаруучулук чеберчилигине жана сахна маданиятына көңүл бурулат», дейт Асылбек Маратов.

Тандоо туру 5-ноябрда «Манас» кинотеатрынын чоң залында саат 10:00дө башталат. Ал эми айтыштын калган бөлүктөрү 8-ноябрда Талас облустук Капар Медетов атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлөт.

«Айтыш-2018» республикалык төкмө акындар сынагынын байге фонду 1 миллион сом.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума