16:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

УКМК: Икрамжан Илмияновду жалгыз киши отура турган камерага которушту

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновду УКМКнын тергөө абагында жалгыз киши отура турган камерага которушту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Айтымында, алдамчылыкка күнөөлөнүп жаткан аткаминер которууну өзү суранган.

«Икрамжан Илмиянов өзүн жакшы сезип жатат. Эч нерсеге нааразы эмес. Болгону жалгыз киши отура турган камерага которууну суранды. УКМКнын тергөө абагынын администрациясы анын өтүнүчүн орундатты. Кыйноолор жана орой мамиле боюнча арызданган жок», -деди Нурдин Сулайманов.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновду 28-ноябрга чейин камакка алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар