Чүй облусунун аймагында бир жума аралагында 4 миң 745 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 38 айдоочу унааны мас абалында башкарган. Ал эми 8 айдоочу унаалардын терезелерин караңгылатып, 74 айдоочу унааларын документи жок башкарышкан.
Жогорку ылдамдыкта унаа айдагандардын саны 1 миң 24кө жеткен. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 98 унаа киргизилди.