ЖМК:Эстония Орусиянын чек арасына аскерлерин жакындатууда
Эстония аскерлерин Орусиянын чек арасына жылдырууда. Бул тууралуу булактарга таянуу менен Financial Times басылмасы билдирет.
Маалыматка ылайык, «жигердүү коргонуу» стратегиясына өтүүнүн алкагында Эстония алыска атуучу курал-жарактары бар аскердик бөлүктөрдү Орусия менен чек арага жакыныраак жайгаштыра баштады.
Атап айтканда, Тападагы аскердик базадан Йыхви чек ара шаарчасына бир бригаданы көчүрүү пландалууда, ал эми Нарвада миң аскерге эсептелген аскердик база курулуп жатат.

Бул ортодо басылма белгилегендей, Эстониянын аскердик жана чалгындоо ведомстволорунун жетекчилери Москва жакынкы келечекте НАТО менен кеңири масштабдуу жаңжалга умтулат деп эсептешпейт.