АКШ, РФ жана Кытайдын алгачкы үч тараптуу саммити: Украина темасы талкууланбайт
АКШ, Россия жана Кытай лидерлеринин тарыхтагы алгачкы үч тараптуу жолугушуусу Шэньчжэнь шаарында өтүүчү Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы (АТЭС) уюмунун саммитинин алкагында өтөт. Үч мамлекеттин тең лидерлери катышаарын ырасташты.
Ак үй билдиргендей, негизги темалар өзөктүк куралды кыскартуу жана Ирандагы согуш болушу күтүлүүдө.
Украинадагы согуш темасы талкууланбайт деп жазышат ЖМКлар. Америкалык жогорку даражалуу аткаминер журналисттерге Вашингтон Киев менен Москвага карата «такыр башка сүйлөшүүлөр багытын» карманарын билдирди.
«Кытай бул сүйлөшүүлөр багытынын бир бөлүгү эмес, ошондуктан бул жолугушууда Украина маселесин талкуулоо орунсуз көрүнөт», — деди ал.
Ошол эле учурда ГФР канцлери Фридрих Мерц Дональд Трампты Владимир Путин менен болчу жолугушуунун алдында Украинаны коргоо маселесинде европалык союздаштарды колдоого чакырды.
«Мен АКШга биздин билдирүүбүздү дагы бир жолу так жеткиргим келет: сураныч, эч кандай күтүүсүз кадамдар болбосун. Европа жана Украина менен бир командада болууну улантыңыз, келиңиздер, Украинада чыныгы тынчтыкка жетишүү үчүн биргелешип иштейли», — деди ал.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Дональд Трамп президент Владимир Путин менен жеке жолугушуу өткөрүүнү пландаган жок.