Төрт миллион катышуучу: Испанияда акыркы 14 жылдагы эң ири иш таштоо башталды
Испанияда 29-ноябрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого үч жумага жетпеген убакыт калганда жана шайлоо алдындагы үгүт иштери расмий баштала электен эки күн мурун акыркы 14 жылдагы эң ири иш таштоо башталды.
Кесиптик бирликтердин баамында, көчөгө чыккандардын саны 4 миллион адамга жетти. Митингчилер бийликтен жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууну жана айлык акыны жогорулатууну талап кылышууда. Нааразылык акциялары Валенсия, Мадрид, Барселона, Севилья, Кордова, Малага жана Сарагоса шаарларында өтүүдө.
Митингчилер жолдорду тосуп, дөңгөлөктөрдү жана таштанды челектерди өрттөп, дүкөндөрдүн айнектерин талкалашууда. Полиция буга жооп катары көздөн жаш агызуучу газ колдонууда.
Эске салсак, буга чейин 87 жаштагы аялдын ижарага алган батиринен чыгарылышы массалык митингдерге алып келген. Нааразылык акцияларынын фонунда Испаниянын премьер-министри Педро Санчес мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү жарыялаган. Мындай чечим парламентте өкмөттүк чаралар колдоо таппай калгандан кийин кабыл алынган. Улгайган аялдын батирден чыгарылышы коомчулукта чоң резонанс жаратып, өлкөдөгү турак жай кризисинин символуна айланган.
Кийинчерээк ага мурунку ижара шарттары менен батирине кайтып келүүгө уруксат берилген. Бирок ал каза болуп калган.