Орусиянын Кемерово облусунда Ан-12 учагы кыйрап, 19 адам каза болду
Кемерово облусунда пландалган учууну аткарып жаткан Ан-12 аскердик-транспорттук учагы кыйрады. Учак эл жашабаган аймакка кулаган. Бортто экипаж менен кошо 19 адам болгон, алардын баары каза тапты. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Авиакырсыктын алдын ала себеби техникалык мүчүлүштүк экени белгиленүүдө. Кузбасстагы Ан-12 учагынын кыйрашынын негизги версиялары катары күйүүчү майдын агып кетиши, кыймылдаткычтын өрттөнүшү жана гидравликанын иштен чыгышы каралып жатканын ЖМКлар жазышууда.
Учак Новосибирсктен Канск шаарына багыт алган жолдун болжол менен төрттөн бир бөлүгүн учуп өткөндөн кийин Кемероводо авариялык конууга уруксат сураган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыймылдаткычтардын биринин мотогондоласы күйүп кетип, күйүүчү май системасы жабыркаган. Тергөө тобу жана авиациялык кырсыктарды иликтөө комиссиясы учактын кыйрашынын так себебин аныктоодо. Окуя болгон жерде бардык ыкчам кызматтар иштеп жатат.