Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх кызматтан кетерин жарыялады
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх кызматтан кетерин жарыялады. Бул тууралуу Xinhua агенттиги билдирди.
«Монголиянын президенти кызматтан кетерин жарыялады», — деп айтылат маалыматта. Бирок кызматтан кетүүнүн себептери аталган эмес.
Буга чейин Демократиялык партиянын парламенттик фракциясы Монголиянын башчысын коррупцияга айыптап, сынга алган.
Ухнаагийн Хүрэлсүх «өзүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын калыбына келтирүү үчүн» тиешелүү органдарга кайрылууга ниеттенүүдө.