USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Украина маселеси. АКШнын чабарманы кайрадан Москвада Путин менен жолукту

09:17, 13 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

АКШ президентинин атайын чабармандары Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Абу-Дабиде өткөн Вашингтон, Москва жана Киевдин үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Орусияга учуп барышты.

Аны менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы макулдашылганын Уиткофф журналисттерге билдирип, сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин да маалымдады.

Анын айтымында, Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасына Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да кошулат.

850x570.png

Туткундарды алмашуудан тышкары башка гуманитардык маселелер да талкууланды. Алар тууралуу жакында жарыяланарын америкалык лидердин атайын чабарманы кошумчалады.

Өз кезегинде Жаред Кушнер өткөн сүйлөшүүлөрдү мазмундуу жана терең деп атады. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр кийинки жумада өтөт. Аларга америкалык сүйлөшүүчүлөр Владимир Путин менен жолугушууда талкуулаган бардык маселелер таасир этет.

Кремлдеги Орусиянын президенти менен болгон жолугушуу 2,5 саатка жакын созулду. Америкалык сүйлөшүүчүлөр Дублинге барып, ал жактан Украинанын башчысы Владимир Зеленский менен жолугушуп, ага Москвадагы жолугушуу тууралуу маалымат беришери күтүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18