РФ Коопсуздук кеңеши: «Быйыл Орусиядан 140 миңден ашык мигрант чыгып кетти»
Орусиянын соттору 2026-жылдын январь–сентябрь айларында чет өлкөлүк жарандарга карата 1,8 миллион административдик протокол түзүштү. Бул мезгил ичинде мигранттарды өлкөдөн чыгарып жиберүү боюнча 143,1 миң чечим чыгарылды. Мындай маалыматтар РФ Коопсуздук кеңешинин маалымкатында камтылган.
Административдик укук бузуулардын негизинде мигранттарды чыгарып жиберүү тууралуу чечимдердин саны быйылкы жылдын тогуз айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсеге өскөндүгү белгиленет.
Ноябрь айынын башына карата сот приставдары өлкөдөн 63 миңден ашык чет өлкөлүктү чыгарып жиберишкен.
Орусиянын бийлиги миграциялык саясаттын катаалдашын тартипти орнотуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу менен түшүндүрүүдө.
Буга чейин чет өлкөлүктөр тарабынан жасалган жана мигранттарды чыгарып жиберүүгө негиз боло турган укук бузуулардын тизмеси РФ Административдик кодексинин 22 беренесинен 45 беренеге чейин көбөйгөн.
ИИМдин акыркы маалыматтары боюнча, учурда Орусияда 6 миллионго жакын чет өлкөлүк жүрөт.