USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөр: Германия канцлери позитивдүү белгилер бар экенин айтты

11:52, 13 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Абу-Дабиде өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча позитивдүү белгилер алынганын билдирди. Бул тууралуу ал Ирландияга болгон иш сапары учурунда журналисттерге маалымдаганын Anadolu агенттиги жазды.

«Мен акыркы эки күндө Абу-Дабиде өткөн сүйлөшүүлөрдөн позитивдүү белгилерди алдым. Бул америкалыктар менен кызматташуу аркылуу Европада чыныгы тынчтык тартибине жетишүү мүмкүнчүлүгү пайда болгонунан кабар берет», — деди Фридрих Мерц.

Анын айтымында, сүйлөшүү процессине Украина, Европа өлкөлөрү жана АКШ катышуусу керек, ал эми Евробиримдиктин конкреттүү өкүлү тууралуу маселени жабык эшик артында талкуулоо зарыл.

ГФР канцлеринин билдирүүсү Абу-Дабидеги консультациялар аяктагандан кийин АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнердин Москвага келишинин алкагында жасалды.

Ал арада Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен ЕБ өлкөлөрү Орусияга каршы кезектеги санкциялар топтомун даярдап жатканын, ошондой эле 2027-жылга чейин Украинанын финансылык муктаждыктарын камсыз кылуу планын иштеп чыгууда экенин билдирди.

«Орусия тарап Украина боюнча сүйлөшүүлөр Европанын катышуусуз жүргүзүлүшү мүмкүн эместигин барган сайын көбүрөөк моюнга алууга даяр окшойт», — деп Reuters Фридрих Мерцтин сөздөрүн келтирет.

Анын айтымында, бул жакшы жаңылык.

«Бул тенденция сакталабы же жокпу, убакыт көрсөтөт. Көп нерсе жакынкы күндөрү өтө турган сүйлөшүүлөргө жараша болот», — деди Германиянын канцлери Дублинде өтүп жаткан Европалык саясий коомчулуктун жыйынынын алкагында.

Ошол эле жерде жүргөн Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча так жана бирдиктүү европалык көз карашты иштеп чыгууга чакырды.

«Бүгүнкү күндө Европага баарынан мурда эмнени каалап жатканы тууралуу так жана бирдиктүү түшүнүк керек деп эсептейм», — деди ал.

Эске салсак, Улуу Британия, Германия жана Франциянын өкүлдөрү Абу-Дабиде болушкан, бирок сүйлөшүүлөргө расмий түрдө катышкан эмес. Алар менен америкалык жана украиналык делегациялар гана жолугушкан.

Москва сүйлөшүүлөрдүн форматын кеңейтүүгө караманча каршы. Абу-Дабидеги орус делегациясынын башчысы, РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский буга чейин европалыктардын бул сүйлөшүүлөрдөгү макамын жана ролун түшүнбөй турганын айтып, аларды «туристтер» деп атаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18