ЖККУ өлкөлөрү Арменияны уюмда добуш берүү укугунан ажыратуу маселесин карашат
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттер бүгүн Арменияны уюмдагы добуш берүү укугунан ажыратуу маселесин карашат. Бул тууралуу журналисттерге Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери Москвадагы сессияда Арменияны ЖККУда добуш берүү укугунан ажыратуу жана анын жарандарын органдардагы квоталык кызматтарга талапкер катары көрсөтүүгө тыюу салуу маселесин талкуулашат.
Сергей Лавров добуш берүү укугу жок болгон күндө да Ереван ЖККУнун катышуучусу катары негизги укуктарын сактап каларын баса белгиледи.
«Ереван мүчөлүк төгүмдөрдү которбогонуна эки жылдан ашты, буга байланыштуу Армения Республикасына карата ЖККУ Уставынын 25-беренесинин жоболорун колдонуу маселеси коюлду», — деп кошумчалады ал.
Уюмдун уставына ылайык, чектөөлөр карыз толугу менен төлөнүп бүткөнгө чейин күчүндө болот.
Эске салсак, Армения 2024-жылдын февралында ЖККУга мүчөлүгүн тоңдуруп койгон. Өлкө бийлиги өз чечимин өнөктөштөрү милдеттенмелерин аткарбай жатканы жана өздөрүнүн жоопкерчилик зонасын тааныбай жаткандыгы менен түшүндүргөн. Ошондой эле ЖККУ Тоолуу Карабактагы жаңжалга киришкен эмес деген ой да бар болчу.
Премьер-министр Никол Пашинян республиканын бийлиги уюмдагы ишмердүүлүккө кайтып келүүгө умтулбай турганын айткан. Анын айтымында, Ереван зарылчылык келип чыкса андан чыгып кетиши мүмкүн.