USD87.45EUR96.11RUB1.07
24.kg

Өзбекстан мамлекеттик гербди өзгөртөбү?

08:04, 24 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Өзбекстанда жаңыланган өзбек алфавитине өтүүгө байланыштуу мамлекеттик гербдеги жана мамлекеттик сыйлыктардагы жазууларды өзгөртүү пландалууда. Тиешелүү документтер 2027-жылдын апрель айына чейин даярдалып, андан соң Министрлер кабинетинин кароосуна киргизилиши керек.

Мындай чаралар коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө өзбек алфавитине киргизилген өзгөртүүлөрдү колдонуу боюнча өкмөттүн токтом долбоорунда каралган. Иш-чаралар программасына ылайык, тиешелүү ведомстволор зарыл болгон документтердин долбоорлорун 2027-жылдын апрелине чейин иштеп чыгып, июнь айына чейин макулдашып, Министрлер кабинетине киргизүүгө тийиш.

Өзгөртүүлөр төрт тамга айкашын өзүнчө тамгалар менен алмаштырууга байланыштуу: O‘ o‘ — Ö ö, G‘ g‘ — Ğ ğ, Sh sh — Ş ş жана Ch ch — Ç ç.

Документте гербдеги жана мамлекеттик сыйлыктардагы жаңыланган жазуулар так кандай болору такталган эмес. Сөз аларды алфавиттин жаңы редакциясына шайкеш келтирүү үчүн укуктук өзгөртүүлөрдү даярдоо жөнүндө болуп жатат.

Эске салсак, Кыргызстанда VII чакырылыштын депутаттары да мамлекеттик гербди өзгөртүү демилгесин көтөрүшкөн. Парламент тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алгандан кийин, ЖКнын вице-спикери Нурланбек Азыгалиев кесиптештерин жетишилген ийгиликтер менен токтоп калбоого чакырган. Анын айтымында, көптөгөн жарандардан гимнди, аны менен кошо гербди да алмаштыруу боюнча сунуштар түшүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18