USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

КЭР, РФ жана АКШ саммити: Дональд Трамп Украина маселесин талкуулоону сунуштады

16:08, 19 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Орусия, Кытай жана АКШнын лидерлери баарына жакшы келечекти камсыз кылуу үчүн жаңы ыкмаларды издөөгө даяр. Бул тууралуу Владимир Путин жана Си Цзиньпин менен болгон тарыхтагы алгачкы үч тараптуу жолугушууда Дональд Трамп билдирди.

Анын айтымында, үч тараптуу жолугушууда чыныгы тарых жаралууда. Украинадагы жаңжалды аяктоого баары кызыкдар экенин белгиледи Трамп. Ал Украина маселесин талкуулоону, ошондой эле ядролук куралды жайылтпоо боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнү сунуштады.

1795080894764-b6fd3dfe-dc56-418e-8617-0631c1713a8b-bez-nazvaniya-7png-optimized.webp

«Бүгүн биз бүткүл дүйнөдө талкууланып жаткан көйгөйдү — Орусия менен Украинанын согушун талкуулайбыз. Биз муну президент Путин менен буга чейин да талкуулаганбыз, бизде чоң талкуу болгон. Бул сүйлөшүүлөрүбүздүн маанилүү темасы. Мен бүгүн сиз менен, урматтуу Владимир, жана сиз менен, төрага Си, баарлашып жатканыма кубанычтамын. Сиздер бул жылдар аралыгында абдан көп ийгиликтерге жетиштиңиздер.

Бул мен акыркы бир нече жылда көргөн эң кооз шаарлардын бири. Бүгүн сиздер менен баарлашуу мен үчүн чоң сыймык. Баарыбыз чоң жыйынтыктарга жетишебиз деп үмүттөнөм. Рахмат, чоң рахмат», — деди Ак үйдүн башчысы.

Ал ошондой эле Орусия, АКШ жана КЭР бүткүл планетанын кызыкчылыгында диалог жүргүзүшү керектигин кошумчалады.

Анын сөзүнө караганда, үч лидерде Жер жүзүндөгү ядролук куралдын санын кыскартууну талкуулоого уникалдуу мүмкүнчүлүк бар. АКШ анын Иранда пайда болушуна жол бербейт.

Мындан тышкары, америкалык президент өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгууга аракет кылып жаткан глобалисттик уюмдардан мамлекеттердин суверенитетин коргоодо кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин бул жолугушууда украиналык маселе талкууланбай турганы айтылган болчу.

Болжол менен 10 мүнөткө созулган ачык бөлүктөн кийин Путин, Си Цзиньпин жана Трамптын сүйлөшүүлөрү жабык режимде өтөт. Алар аяктагандан кийин лидерлер биргелешкен билдирүүлөрдү жасашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18