G20 саммити: Дональд Трамп бардык 20 лидер катышарын айтты
АКШ президенти Дональд Трамп 14–15-декабрда Флоридада өтө турган «Чоң жыйырмалык» (G20) саммитинин ишине «бардык 20 лидер» катышарын билдирди. Бул тууралуу америкалык лидер Ак үйдөгү иш-чаралардын биринде Майамиде өтө турган G20 саммитине комментарий берип жатып айтты.
Трамп жолугушуунун эл аралык маанисин баса белгиледи.«Ал жерде дүйнөнүн эң маанилүү 20 лидеринин баары болот», — деди АКШ президенти.
Муну менен катар америкалык ЖМКлар Трамптын «бардык 20 лидердин» катышуусу тууралуу сөздөрүн Ак үйдүн башчысы саммитке Россиянын президенти Владимир Путиндин да келишин күтүп жатканынын белгиси катары чечмелешти.
14–15-декабрга Майамиде белгиленген G20 лидерлеринин саммити дүйнөнүн ири экономикаларынын өкүлдөрүн бириктирет.Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин алдыдагы саммитке катышуу мүмкүнчүлүгүн азырынча караштырып жатканын билдирген.