COP31 саммити аяктады: Тараптар климаттык макулдашууга жетише алышкан жок
Түркияда БУУнун климат боюнча конференциясы (COP31) жыйынтыктоочу макулдашуу кабыл алынбастан аяктады. Сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары казылып алынуучу отун маселеси боюнча пикир келишпестиктерди чече алышкан жок.
БУУнун Жаңылыктар кызматынын маалыматына караганда, бир катар өлкөлөр документтин акыркы долбооруна расмий түрдө каршы чыгышып, ал мамлекеттер буга чейин алган милдеттенмелерди алсыратарын жана климаттык кризистин масштабы менен курчтугуна жооп бербесин билдиришти.
Башкы катчы Антониу Гутерриш саммиттин жыйынтыгын артка кеткен кадам деп атап, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү тездетүүгө чакырды. Ал глобалдык температура рекорддорду жаңыртууну улантып жатканын, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери күчөп, парник газдарынын бөлүнүп чыгышы кооптуу деңгээлде экенин эскертти — ошол эле учурда дүйнө эл аралык деңгээлде макулдашылган Цельсий боюнча 1,5 градус жылуу чегинен ашып кетүүгө баратат.
БУУнун башкы катчысы казылып алынуучу отун глобалдык жылуулуктун негизги кыймылдаткыч күчү бойдон калып жатканын белгилеп, эл аралык коомчулукту таза энергетикага өтүүнү жайлатуу аракеттеринен сак болууга чакырды. Ал ушул он жылдыкта эле газдарды бөлүп чыгарууну кыйла масштабдуу кыскартууга, аялуу мамлекеттерге колдоону күчөтүүгө жана адаптациялоо программаларын каржылоону олуттуу көбөйтүүгө чакырды.
COP31 тарыхтагы БУУнун эң узакка созулган климаттык саммити болду. Сүйлөшүүлөр анын расмий аяктоо күнүнөн (20-ноябрь) кийин дагы эки күн уланды.
БУУнун климат боюнча кийинки конференциясы Эфиопиянын Аддис-Абеба шаарында өтөт. Өкмөттөр Антальяда жоопсуз калган көптөгөн маселелерди карап чыгышы керек болот.