Владимир Путин Кытай саммиттен кийин Тажикстанга учуп келди
Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн эртең менен Тажикстанга жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал республиканын лидери Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү белгиленген. Владимир Путин Дүйшөмбүгө Кытайдын Шэньчжэнь шаарынан учуп келди, ал жакта ишкерлер саммитине, АТЭС лидерлеринин саммитине жана АКШ, РФ жана КЭРдин тарыхтагы биринчи үч тараптуу жолугушуусуна катышкан.
Аны аэропорттон Тажикстандын президенти тосуп алды. Тажикстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Путин менен Рахмон коопсуздук маселелерин, соода-экономикалык байланыштарды жана эки өлкөнүн ири долбоорлорун талкуулашат.
Күн тартибинде орус-тажик стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүү маселелери да болот.