Түркиянын Эскишехир шаарынадагы Тепебашы районунда аскердик тик учак кулады. Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги бул окуя боюнча билдирүү жасап, 5 аскердин шейит болгонун кабарлады. Ошондой эле министрлик курман болгон аскерлердин ысымдарын жарыялады.
Алгачкы маалыматтарга караганда, Йөрүкакчайыр конушунун аймагында аскердик тик учак кулаган. Түшкөн билдирүүдөн кийин окуя болгон жерге көп сандагы куткаруу топтору жөнөтүлдү.
Кырсык болгон жерге Эскишехир шаардык мэриясынын өрт өчүрүү топтору жана Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери тартылды.
Аймакка жеткен Эскишехир шаардык мэриясынын өрт өчүрүүчүлөрү кулаган тик учакта өрттү өчүрүү жана куткаруу иштерин башташты. Ошол эле учурда кырсык болгон аймактын үстүндө башка бир тик учак күзөт учуусун жүргүзүп жатканы байкалды.
Аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлүп, иликтөө иштери уланууда.
Улуттук коргоо министрлиги бул окуя боюнча төмөнкүдөй билдирүү таратты: «Машыгуу максатында Эскишехирден абага көтөрүлгөн Аба күчтөрүбүзгө таандык AS-532 үлгүсүндөгү бир тик учак кырсыкка учурады. Тик учагыбыздын сыныктары табылып, издөө-куткаруу иштери улантылууда».
«Эскишехирде машыгуу учуусу учурунда кырсыкка учураган Аба күчтөрүбүзгө таандык тик учакта кызмат өтөп жаткан 5 аскер куралдашыбыз шейит болду», — деп билдирди.