Еврокомиссия санкциялардын 22-пакетинин долбоорун сунуштады
Еврокомиссия санкциялардын 22-пакетинин долбоорун сунуштады. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалды.
Билдирүүдө белгиленгендей, жаңы пакет 60 банкты SWIFT системасынан өчүрүүнү, ошондой эле орус мунайын ташыган 70 танкерге жана РФ менен Беларустун аскердик-өнөр жай комплексине (АӨК) байланышы бар 100 жеке жакка жана уюмга карата санкцияларды камтыйт.Чектөөлөр криптовалюталык жана төлөм сервистерине, энергетикалык секторго, анын ичинде электр энергетикасы чөйрөсүндөгү кызматтарга да таасирин тийгизет.
Мындан тышкары, Еврокомиссия Россияда камсыздандырылган танкерлерди пайдаланууга тыюу салууну сунуштоодо. ЕК ошондой эле мурдагы орусиялык аскер кызматкерлерине виза берүүгө, Россиянын желеги алдында чыккан орусиялык командалардын жана спортчулардын ЕБ аймагындагы спорттук иш-чараларга катышуусуна, ошондой эле спорттук иш-чараларда Россиянын расмий символикасын көрсөтүүгө тыюу салууну сунуштады.
Европалык компанияларга РФтеги бардык энергетикалык долбоорлорго катышууга, Евробиримдиктин жарандарына — орусиялык компанияларда жетекчилик кызматтарды ээлөөгө, ал эми орусиялыктарга — Европада жайгашкан спорттук уюмдарда кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынат.