USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Эстония менен Орусия согуш босогосунда турабы? РФ ТИМи билдирүү жасады

10:04, 26 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ЖМКлар үчүн билдирүү таратып, анда Эстония менен РФ согуш абалынын чегинде турганы айтылган.

Такталгандай, 23-ноябрда Россиянын ТИМине Эстониянын РФдагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Марек Юхтеги чакырылып, ага «Таллиндин жанындагы аскердик-өнөр жай комплексинин ишканасын өрттөөгө болгон ийгиликсиз аракетке Россияны негизсиз айыптоого жана буга байланыштуу эстон өкмөтүнүн 1-декабрдан тарта орус-эстон чек арасындагы өткөрмө пункттарын жабуу чечимине байланыштуу кескин нааразычылык билдирилген».

Ошондой эле дипломатка «эч кандай далилдик базасы жок мындай шашылыш айыптоолорго жол берилбестиги» түшүндүрүлгөнү айтылган.

Мамлекеттик чек араны жабуу биринчи кезекте эстон экономикасына кезектеги сокку уруп, Таллиндин өзүнө да, анын ЕБ жана НАТО боюнча союздаштарына да бумеранг болуп тиет деп билдиришти Россиянын тышкы саясий ведомствосунан.

Эстон дипломатына мындай чагымчыл жана өтө кооптуу аракеттер Орусия менен ачык согуш баштоонун чегинде турганы эскертилди.

Мындан тышкары, Таллин Балтика деңизинде россиялык жүк ташуучу кемелердин жүрүүсүнө тоскоолдук жаратууга аракет кылууда деп айыпталды (октябрда Эстониянын аймагы аркылуу россиялык жана беларустук дан азыктарын транзиттик ташууга толук тыюу салынган).

««Орус маселесин» чечүү үчүн Таллин бардык деңгээлде орус тилине тыюу салууга гана эмес, биздин өлкөгө боор тарткан жана эне тилине, маданиятына болгон укугун сактап калууга умтулгандарды кылмыш куугунтугуна алууга, депортациялоого да барууда», — деп айтылат текстте.

Россия тарап улуттук кызыкчылыктарды жана РФ жарандарынын мыйзамдуу укуктарын коргоого багытталган комплекстүү саясий-дипломатиялык чараларды көрүү укугун өзүнө калтырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18