«Аалам сулуусу — 2026» наамын Пуэрто-Риконун 27 жаштагы өкүлү жеңип алды
«Аалам сулуусу — 2026» эл аралык сулуулук сынагынын жеңүүчүсү болуп Пуэрто-Риконун 27 жаштагы өкүлү Женнифер Баррето аталды.

Мааракелик, 75-сынактын финалы Пуэрто-Риконун борбору Сан-Хуан шаарында өттү.
Женнифер Баррето бул титулга ээ болгон арал мамлекетинин алтынчы өкүлү жана акыркы 20 жылдагы биринчи жеңүүчүсү болуп калды.
Жаңы сулуулук ханышасы психология боюнча бакалавр даражасына жана психология жана социалдык иштер боюнча магистр даражасына ээ. 2021-жылы ал Техастагы Форт-Кавасос аскердик базасында АКШ армиясында иштей баштаган, ал жерде үй-бүлөлүк зомбулуктун жана балдарга ырайымсыз мамиленин курмандыктарына жардам көрсөтүп, ошондой эле аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү менен иштешкен.
Эске салсак, сынакта биздин өлкөнүн намысын «Miss Kyrgyzstan Grand International — 2025» Медина Эрмекова коргогон.