USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

ЖК депутаты Ысык-Көлдө картошка сатуу баасы төмөн экенин билдирди

13:21, 09 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Табылды Муратбеков Ысык-Көл облусунда картошканын сатып алуу баасы төмөн болуп жатканы тууралуу маселени көтөрдү.

Анын айтымында, түзүлгөн кырдаал жергиликтүү дыйкандарга кыйынчылыктарды жаратууда. Депутат өкмөт картошка өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн кандай чараларды көрүп жатканына кызыкты.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асылбек Сатыбалдиев Кыргызстанда картошканы импорттоого тыюу салынганын билдирди.

Мындан тышкары, ведомство дыйкандардын сактагычтарындагы картошканын запастарын анализдеп жатат. Муну менен катар эле Кыргызстандын продукциясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Сатыбалдиевдин айтымында, өзбек тарап кошумча нарк салыгын (КНС) төлөө маселесин көтөрүүдө. Учурда бул маселе каралып жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18